Turmush — Ош технологиялык университети студенттери үчүн «ОшТУ таланттары» сынагын жарыялайт.
Жыл сайын уюштурулуучу аталган сынак быйыл виртуалдык түрдө өтөт жана эки этаптан турат. Биринчи баскычы апрель айында, ал эми экинчи баскычы май айында болот. Сынактын талаптарына ылайык, студенттер өздөрүнүн талантын видеого тартып жөнөтүшү керек. Видео социалдык тармакка жарыяланат. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилет.
Эскертүү! Жеңүүчүлөр социалдык түйүндөгү баракчады жактыруу (Like) белгисинин саны менен тандалат.
Сынактын талаптары:
-Ош технологиялык университети жөнүндө ыр жазасыз;
- Ал ырга оригиналдуу видео тартасыз;
- Видеону 0500 193 138 WhatsАpp номуруна жөнөтөсүз.
Видео социалдык тармактагы @oshtu баракчасына жарыяланат.
Жеңүүчүлөр үчүн ноутбук, планшет, мобилдик телефон, пауэрбанктар даярдалган.
Жеңүүчүлөр 1-май күнү аныкталат.