Turmush — Ош мамлекеттик университети байге фонду 60 000 сом болгон «Аралыктан билим алабыз» видео сынагын жарыялайт. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Сынак студенттерге аралыктан билим алуу технологияларын жайылтуу, өз алдынча билим алууга үндөө, онлайн жана дистанттык байланышты күчөтүү максатында уюштурулууда.
Сынакка ОшМУнун бардык факультеттеринин, колледждеринин студенттери катыша алат. Сынакка жөнөтүлө турчу видеонун мазмунуна төмөнкүдөй талаптар коюлган:
-видеонун узактыгы 5-7 мүнөт болушу керек (видео мобилдик телефонго үй шартында тартылгандыктан мазмунуна гана баа берилет);
- Видеого бир тайпадагы студенттердин көпчүлүк бөлүгү, кураторлор жана предметтик мугалимдер катышуусу керек;
- Видеодо студенттерди аралыктан жана өз алдынча билим алууга үндөгөн маалыматтар болушу шарт;
- Аралыктан окутуу технологияларын колдонуу менен өтүлүп жаткан сабактардын үзүндүсү болуш керек;
- Студентке аралыктан окуп-үйрөнүүнү өз алдынча уюштурууга кеңештердин болушу зарыл.
Видео материалдар ушул жылдын 19-апрелине чейин 0773 697 044 WhatsApp номуру же artykjyldyz@gmail.com электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат. Сынактын байге фонду 60 000 сомду түзөт.
- 1-орунга — 25 000 сом;
- 2-орунга — 15 000 сом;
- 3-орунга —10 000 сом каралган.
Кызыктыруучу сыйлыктар катары 10 000 сом бөлүнгөн.
Калыстар тобу ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынан, жергиликтүү медианын кызматкерлеринен, интернет блогерлерден жана коомдук активисттерден түзүлөт.
Мыкты деп табылган видеолор ОшМУнун «Үмүт» телестудиясы аркылуу эфирге берилет жана «Үмүт ТВ» ютуб каналына жайгаштырылат. Ошондой эле ОшМУнун видео архивинде сакталып, социалдык тармактарга жарыяланат.
Сурап-билүү үчүн 0775 220 596 WhatsApp номуру аркылуу байланышса болот.
Сынак Ош мамлекеттик университетинин ректорунун колдоосу жана окуу жайдын Социалдык жана тарбия департаменти тарабынан уюштурулууда.