Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 13.03.2019 13:22

Айыл турмушу: Түптүк фермер 2,5 миң долларга сурашкан Тайсон аттуу букасынын өзгөчөлүгүн айтып берди (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Сары-Дөбө айылынын 59 жаштагы тургуну Абдыманап Жумакадыров асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүдө. Аймактык кабарчы фермер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча зоотехник. Буга чейин породалуу мал кармоого кызыктар болуп келген.

«Асыл тукум мал асыроочу фермаларга барып, атайын окуудан өттүм. Андан кийин Ак-Суу районундагы «Рейна кенч» асыл тукум чарбасынан абердин ангус породасындагы Тайсон аттуу буканы 110 миң сомго сатып алдым. Айылда малды асылдандыруу боюнча иш жүргүзүп, 2 жылда 200 баш музоо алганга жетиштим. Учурда Тайсон аттуу 2 жаштык буканын салмагы 800 килограммдан ашат, тоютту ылгабай жейт, колго багууга дагы көндү. Ал эми алардын 7-8 айлык музоолорун 45 миңге сомго сатып жатам», - дейт ал.

Анын айтымында, Тайсонго кызыгып, аны жогору баага сатууну дагы сунушташкан.

«Тайсонду сурап келгендерди «анын баасы жок» деп узатам. Абердин ангус породасындагы мал бат эле чоңоёт жана базарда баасы салыштырмалуу кымбат. Мисалы анын 1 айлык музоолору чарба малдыкына салыштырмалуу 3 айлыктай көрүнөт. 7-8 айлык музоолор базарда 45 миң сомдон кем эмес. Биз эки жылда 200 баш музоо алып, буга чейин кылган эмгегим текке кеткен жок.

Учурда айыл эли дагы асыл тукум мал багууга кызыгып, айылдашым 3 баш абердин ангус породасындагы уй сатып алды. Азыр Сары-Дөбө айылында бул породадагы мал жайылып баратат. Мен Тайсонду 110 миң сомго сатып алсам, аны 150 миң сомго сатууну сурагандар бар. Бирок аны сатпай, асыл тукум малдын санын көбөйтүүнү пландап жатам. Эми бура швиц породасындагы уй багып, андан сүт өндүрсөм деген оюм бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×