Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 09.03.2019 18:00

Айыл турмушу: Түптүк жубайлар 3 айда 250 миң сом киреше табуунун жолун айтышты (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Долон айылынын 56 жаштагы тургуну Эмилбек Шаршембиев 4 жылдан бери күнөскана иштетип келет. Аймактык кабарчы элеттик ишкер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, күнөскана иштетүү кирешелүү бизнес экенине ынанган.

«Күнөскана курганга чейин бул боюнча окуп, анан атайын долбоордун жардамы менен ишти баштадым. Өздүк салымды кошкондо жалпы 600 миң сомго 3 сотых жерге күнөскана куруп, ага голланд сортундагы бадыраң өстүрүп баштадым. Учурда жубайым экөөбүз иштетип, андан жумасына 100 кг түшүм алып, анын 1 килограммын 150 сомдон сатып жатабыз. Азыр бадыраң алуу үчүн кезекте тургандар көп. Күз айларында сепкен бадыраңдан 3 айда 250 миң сом киреше таптык», - дейт Э.Шаршембиев.

Мындан тышкары, ал щвиц породасындагы сүт багытындагы 15 баш музоо багып жатат. Эми алар күн сайын сүт өндүрүп, андан да пайда көрүүнү максат кылып жатышат.

Жубайлар ишкердикти өнүктүрөм деген жаштарга кеп-кеңештерин берип келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×