Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 25.02.2019 14:54

Түптө эки ардагер жана подполковник сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Түп райондук мамлекеттик администрациясы Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата атайын иш-чара өткөрүп, райондун коргоочу түзүмдөрүн куттуктады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын алкагында райондун акими Э.Жантаев Ооган согушунун ардагери Какурин Геннадий Алексеевичке «Кадырлуу эмгек каарманы» наамын ыйгарып, төш белгисин такты.

Ошондой эле Түп райондук аскер комиссариатынын башчысынын орун басары, подполковник Абдылдабеков Мирлан Советбековичке жана Түп районундагы Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Конкуев Канат Кадыракуновичке ардак грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×