Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 25.02.2019 10:42

Согушта курман болгон Калила Бармановдун көмүлгөн жерин небереси тапты (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Сары-Тологой айылынын 54 жаштагы тургуну Ракат Калилаева согушка кетип, дайынсыз болгон чоң атасынын кайсыл жерде каза болгонун тактады. Р.Калилаева Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал 10 бир туугандын улуусу.

«Чоң атам Түп районунун Сары-Тологой айылында 1913-жылы туулган. Үч бир тууган: Барманов Мурадыл, Барманов Абдыш жана чоң атам Барманов Калила болуп согушка кетишкен. Абдыш ата согушта каза болуптур, бирок кайсыл жерге көмүлгөнүн билбейбиз. Мурадыл ата дагы дайынсыз жоголгон, ал кесиби боюнча мугалим эле. Чоң атам дагы согушка кеткен бойдон дайынсыз болуптур.

Кийин чоң атам Ростов облусунун Калитвин районунун Ольховчик айылында артиллериялык батальондо кызмат өтөгөнүн, 1943-жылдын 2-февралында ошол жерде каза болуп, сөөгү ошол жерге коюлганын билдик. Мен Элмира аттуу жарандын атасы табылганын Фейсбук баракчасынан окуп калып, ага кат жазгам. Ал мага жардам берип, ошол аркылуу чоң атамдын сөөгү коюлган жерди таптык», - дейт Р.Калилаева.

Анын айтымында, чоң атасынын бир гана баласы бар, ал дагы өзүнүн көзү өтүп кеткенден кийин төрөлгөн.

«Чоң энебиздин аты Балапан. Өзүмдүн атам болсо 1941-жылдын аягында, чоң атам согушка кеткенден кийин 1-апрелде төрөлүптүр. Атасы аман келсин деп уулунун атын чоң энем Аман деп койгон экен. Бирок жалгыз уулу чоң атамдын көзү өтүп кеткенден кийин жарык дүйнөгө келген экен. Чоң энебиз 2 жылдай кайын журтунда жашагандан кийин төркүнү келип алып кетиптир», - дейт Ракат Калилаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×