Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 25.02.2019 09:18

Түптө эки айылдын кыз-жигиттери сармерден таймашына түштү (сүрөт)

Turmush -  Түп районунда 23-февралда Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата сармерден таймашы болуп, анда Чоң-Тогузбай айылынын кыздары Ичке-Суу айылынын жигиттерин куттукташты. Бул тууралуу Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Азамат Бөлөков маалымдады.

Анын айтымында, кыздар элдик ырларды аткарышып, макал жана жаңылмачтарды айтышты. Ал эми Ичке-Суунун жигиттери кыздардын өнөрүнө күбө болуп, алар дагы жооп иретинде ырларды аткарып беришти.

«Мелдештин жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен Чоң-Тогузбай айылындагы орто мектептин кыздар командасы 1-орунга ээ болушту. Карасаев айыл аймагынын башчысы жана облустук дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан ыраазычылык каттар жана медалдар, баалуу белектер тапшырылды. Жеңишке ээ болгон команда облуста өтүүчү кароо-сынака катышат, - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×