Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 22.02.2019 18:05

Түптө операцияга муктаж тургунга жардам берүү үчүн марафон өттү (сүрөт)

Turmush -  Түп райондук маданият үйүндө Асаналиев Эрбол аттуу тургунду колдоо максатында марафон өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик админитсрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1991-жылы туулган Эрбол беш жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап келет. Дарыгерлер тез арада операция жасоо керектигин айтышкан, эми Эрболдун атасы Канат Асаналиев өзү донор болмокчу. Операцияга жалпы 10 миң доллар талап кылынат. Буга байланыштуу жаштар концерттин коштоосунда марафон уюштурушуп, ага кайдыгер карабаган мекендештер катышты.

Марафондон учурда 34 миң сом чогулду. Дагы чогултуу улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×