Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 21.02.2019 20:10

Видео: Ысык-Көлдүн эки тургуну «Хизб ут-Тахрир» уюмунан чыкты

Turmush -  Түп районунун эки тургуну «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз мигранттарга каршы күрөшүү кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл ОИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз мигранттардын иш-аракеттерине каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан диний экстремизмге каршы иш-чаралар жүргүзүлүп келет. Бул багытка каршы күрөшүүнүн бир ыкмасы — жергиликтүү башкаруу органдарынын, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрүнүн, облустук казынын катышуусунда облустун тургундарына түшүндүрүү иш-чарасын жүргүзүү болуп саналат. Мындай иштер өзүнүн оң натыйжасын берип келет.

«Облуста буга чейин «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлүгүнөн баш тарткан фактылар болгон. Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлүгүнөн 50дөн ашык адам баш тарткан. Бир нече күн мурун Түп районунун эки тургуну бул диний-экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартышты. Алар өз күнөөлөрүн мойнуна алышып, динге ишенгендерди идеологиянын зыяндуу жолдоруна түшүп калбоого чакырышты», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×