Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 18.02.2019 13:53

Түптө Ооганстанда курман болгон жоокерлердин урматына волейбол турнири өттү

Turmush -  Түп районунда Ооганстандан Советтик аскерлердин чыгарылышынын 30 жылдык мааракесине карата Ооган согушунан кайтпай калган 3 жоокер — Бактыбек Калжикеев, Сагынбек Кылычбаев, Александр Щиловецтердин жаркын элесине арналган волейбол боюнча турнир өтүп, ал эки күнгө уланды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, Ооган согушунун ардагерлерин жана турнирдин катышуучуларын аким Э.Жантаев, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Э.Черикбаев куттукташты.

Турнир биринчи күнү жаштар арасында өткөрүлүп, биринчи орунду Шаты айылынын мектеп окуучуларынан түзүлгөн командасы агалары Шаты-1 командасын финалда утуп, баш байгеге ээ болушту. 3-орунду Карасаев айыл өкмөтүнүн волейболчулары ээлеп, үч командага тең диплом, кубокту биринчи орунду ээлеген командага жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Экинчи күнү ардагерлер арасында өткөрүлүп, 8 команда катышкан мелдеште биринчи орунду «Балбай баатыр» командасы утуп алды. 2-орунду «Белек ата», 3-орунду Шаты айылынын, 4-орунду Санташ айлынын командалары ээлешти. Биринчи орунду ээлеген командага кубок, калган 3 команда менен бирге диплом жана акчалай сыйлыктарды акимдин биринчи орун басары В.Ситчихин тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×