Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 13.02.2019 13:13

Видео — Түптө 38 жаштагы аял окуучу баланы сабаган

Turmush -  Мессенджерлер аркылуу белгисиз аял окуучу баланы сабап жаткан видео тарады. Окуя мектептин коридорунда болушу мүмкүн.

Видеодон башталгыч класстын окуучуларынын ортосунда жаңжал чыгып, андан кийин алардын жанына белгисиз аял келип, окуучулардын бирин сабаганын көрүүгө болот.

Болжолдуу маалымат боюнча, бул видео Ысык-Көлдөгү Түп районунун Кайкин атындагы орто мектебинде тартылган. Мектептин администрациясы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Кийинчерээк Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча маалымат берди.

«7-февраль күнү Түп РИИБге Түп айылынын 37 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 6-февралда саат 11:50 чамасында Кайкин атындагы орто мектепте 1-класста окуган уулун анын классташынын Нуриза аттуу апасы сабаганын айткан. Текшерүү учурунда жашы жете элек баланын денесине жаракат келтирген аялдын өздүгү такталды. Ал Түп айылынын 38 жаштагы тургуну С.Нуриза экени аныкталды.

Мектепте катталган окуя видео байкоого түшүп калган. Ал эми бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ошондой эле жаракаттын деңгээлин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Кылмыш-жаза кодексиндеги 266-берененин (бейбаштык) негизинде сотко чейинки териштирүү башталды», - деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×