Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 01.02.2019 00:18 На русском

«Жеңеке»: Ысык-Көлгө келин болгон Перизат Мукашова жолдошунун досторуна да жүгүнчү (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — 30 жаштагы Перизат Мукашова. Ал жаңы келин болгондо жолдошунун теңтуштарына жүгүнүп алганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Перизат Мукашованын ата-энеси ал кичинекей кезинде эле Ат-Башыдан Чолпон-Ата шаарына көчүп келишкен. Ал 8-класска чейин аталган шаардагы мектепте окуп, андан кийин Сокулуктун Шопоков шаарындагы №1 мектеп-гимназиясына которулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук университетинин география жана экология факультетине тапшырып, 3-курстан кийин экономика факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө которулган.

«Турмушка 26 жашымда чыгып, Түптүн Чоң-Таш айылына келин болдум. Жолдошум экөөбүздү алысыраак туугандар тааныштырган. Ал учурда мен Бишкекте болчумун, курбум экөөбүз батирде жашачубуз. Таежем кайын журтунун айылындагы жигит менен таанышууну сунуштады. Жашым өтүп бара жаткандыктан туугандарым жигиттер менен тааныштырууга аракет жасашчу. Курбум экөөбүз ал жигит менен таанышуу үчүн кафеге бардык, жолдошум да досу менен келди. Анын сүйлөгөн сөзү жагып, жакшы жигит экен деп ойлодум. Ал бизди үйгө жеткирип, менин телефон номурумду алып калды. Күндө телефон аркылуу сүйлөшүп, ал турмуш куруу жөнүндө сөз козгосо, кийинки күздө үйлөнөлү деп айтчумун. Караколду көрсөтүүнү сунуштап, ал жерге барганда биротоло алып калды. Ал мени бактылуу боло турганымды айтып ишендирди. Жолдошум менден бир нече жашка улуу болгондуктан уялып, көп нерсени айта алчу эмесмин», - дейт ал.

Перизат жеңенин айтымында, жолдошунун досторуна да жүгүнүп алган учурлары болгон.

«Көл тарапта күндө жүгүнөсүң, 2-3 жаш улууларга деле жүгүнөбүз. Алгач жолдошумдун досторуна да жүгүнүп алып жүрдүм. Алар да сыр бербей, "бактылуу бол же кудай жалгасын" деп коюшчу. Андан кийин жеңем кимге жүгүнүү керектигин үйрөттү. Кээде бизден дагы кичүүлөргө жүгүнгөн күндөрүм болду. Бара-бара адамдарды таанып, иргеп жүгүнүп калдым.

Жолдошум учурда айыл чарба техникасын айдап иштейт. Өзүнүн кесиби эколог. Өзүм үй кожейкесимин, кайненем менен чогуу жашайбыз. Учурда 3 уй саайм, күн жылыганда алардын саны көбөйөт. Жолдошум балдарын биринчи орунга койгон абдан камкор ата. Мага балдарды багууга жардам берет. Балдарыма татыктуу тарбия берүү үчүн болгон күчүмдү жумшайм», - деди ал.

Ал бир уул, бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×