Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 24.01.2019 17:37 На русском

Түптө 3 эм төрөп, 5 баланын апасы болгон Айсалкынга кир жуучу машина сатып беришти (сүрөт)

Turmush -  Айыма, Аяна, Айдана аттуу үч эм кыз төрөгөн Түп районунун 28 жаштагы тургуну Айсалкын Ботаевага жардам берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Социалдык тармактын колдонуучулары жана банктардын биринин кызматкерлери үй-бүлөгө 800дөн ашык жалаяк, балдарга арналган тамак-аш жана кир жуучу машина жеткирип беришти. Мындан тышкары балдардын кийими да берилди.

Айсалкын Ботаева 2018-жылдын 2-декабрында Айыма, Аяна жана Айдана аттуу кыздарды төрөп, 5 баланын апасы болгон.

Анын айтымында, ал операция жолу менен көз жарган.

«Жолдошум 1985-жылы туулган Алтынбек Тезекчиев менен 2014-жылы баш кошконбуз. 2014-жылы Айназик, 2016-жылы Али, 2018-жылы Айыма, Аяна, Айдана аттуу 3 эмди төрөдүм. 3 эмди Бишкектеги 6-төрөт үйүндө 7 айлык кезинде операция жолу менен төрөдүм. Өзүңдүн каттоодо турган жериңе бар деп Каракол шаарына жиберишти. Караколдогу дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, Ой-Булактагы төркүнүмө, ата-энемдин үйүнө чыгып келгениме бир жума болду. 3 кызды төрөгөн менин эч кимге керегим жок экен деп ойлоп жүрсөм акимчиликтен, Санташ айыл өкмөтүнөн биздин абалыбызды билгени келгенине кубанганымдан толкунданып турам», - деген ал.

Айсалкындын айтуусу боюнча, күйөөсү Алтынбек Тезекчиев менен үйлөнгөндөн бери Алтынбектин пенсиядагы ата-энеси Кубан, Салтанаттар болуп, 2 баласы менен бирге кайнежесинин үйүндө — Санташ айыл өкмөтүндөгү Байзак айылында жашап турушкан. Айназик, Али деген 2 баласына жөлөкпул алышкан эмес. Күйөөсү Алтынбек акча табуу үчүн Бишкекте иштегени кетип, балдарга (кайнежесинин 3 баласы бар) шарттын жоктугунан энеси Майрамкүл Осмонова кызын 5 баласы менен өз үйүнө убактылуу кыштан чыгарууга алып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×