Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 21.01.2019 11:41 Жаңыланды: 21.01.2019 18:00 На русском

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Элдияр апасынын каршылыгына карабай үйлөнгөн Татьяна айылдын үлгүлүү келини болду (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылынын тургуну Татьяна Зайвина турмушка чыккандан кийин Ысык-Көлдүн түндүк жээгине көчүп кеткен.

35 жаштагы Татьяна Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, учурда алар Түп районундагы интернационалдык айылдардын биринде жашайт. Ал 13 жыл мурун кичүү эжеси жашаган Кутургу айылына эс алганы келгенде болочоктогу жолдошу менен таанышкан.

«Беш бир тууганмын. Эки агам, эки эжем бар. Атабыз жок, апам баарыбызды жалгыз чоңойтту. Апабызга ыраазыбыз. Мен 20 жашымда кичүү эжем Кутургу айылына турмушка чыкты. Эжем мени жайкы эс алууга айылга чакырып, ошондо Элдияр Чоюмбаев аттуу жигит менен таанышып калдым. Бизди кайын сиңдим тааныштырган. Таанышкандан кийин дос катары баарлашып жүрүп, жарым жылдан кийин баш коштук. Бирок башында Элдиярдын апасы биздин баш кошуубузга каршы болгон экен. Кийинчерээк 2005-жылдын 13-февралында Элдияр экөөбүз кыргыздын каада-салты менен үйлөндүк», - дейт Татьяна.

Анын айтымында, учурда алардын улуу баласы Байэл 12 жашта. Ал бирге чыкканда өзүнчө үй кура башташкан.

«Биз кайын атам салган үйдө жашачубуз. Ал үй аябай эскирип кеткендиктен жаңы үй кура баштадык. Үйдү толук бүтпөй, алгач үч бөлмөлүү кылып, кийин кайра кеңейттик. Биз эч кимден жардам сурабай, өз күчүбүз менен курдук. Азыр эми жакшынакай, кенен үйдө жашап жатабыз. Төрт жылдан кийин Мираида аттуу кыздуу болдук. Тилекке каршы, кайын атамдын көзү өтүп кетти. Жолдошумдун улуу агасы, иниси жана карындашы бар. Агасы Казакстанда жашайт, карындашы турмушка чыкты.

Жолдошумдун жаман адаттары жок. Ичпейт, чекпейт, үй-бүлөсүнө, бир туугандарына дайыма кам көрүп турат. Учурда ал мал чарбачылыгы менен алектенет, ал жайлоого чыкканда балдарым кайын энем менен чогуу үйдө калабыз», - дейт Татьяна.

Анын айтымында, ал кыргыздын салттарына бат эле көнүп кеткен. Азыр ал айылдын үлгүлүү келиндеринин бири.

«Кыргыз элинин каада-салттарын жакшы эле билем. Бизде келиндер кайын журтуна мамиле аркылуу сый-урматын туюнткан тергөө жана жүгүнүү салты бар эмеспи. Мен дагы турмушка чыккандан бери башымдан жолукту түшүрбөйм, бардык туугандарга, улуу адамдарга жүгүнөм. Ошондой эле кайын атамды, кайын агамды бир дагы жолу атынан айткан жокмун.

Бардык кыргыз тамак-аштарын жасайм, өзгөчө оромо, быжы жасаганды жакшы көрөм. Балдарыбыз кыргыз тилинде дагы жакшы сүйлөшөт. Мен Элдиярга турмушка чыкканыма бир дагы жолу өкүнгөн жокмун. Ушул күнгө чейин мага диниме же тышкы келбетиме карап мамиле кылгандар болгон жок. Мени айылда кыргыз келини катары эле кабыл алышат», - деди Татьяна.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×