Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 19.01.2019 10:44

Түптө 3 эм төрөп, 5 баланын энеси болгон 28 жаштагы Айсалкынга жардам берилди (фото)

Turmush -  Айыма, Аяна, Айдана аттуу үч эм кыз төрөгөн Түп районунун 28 жаштагы тургуну Айсалкын Ботаевага жардам берилди. Бул тууралуу Түп райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Тамара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, А.Ботаева учурда Ой-Булак айылында төркүнүндө убактылуу жашап турушат.

«Кудургу айыл өкмөтүнүн Ой-Булак айылындагы төркүнүндө жашап жаткан бул үй-бүлөгө Кызыл ай коомунун Ысык-Көл облусундагы өкүлү Жыпара Кыдыралиева баш болуп келип, 6 миң сом акчалай, 3 миң сомго балдарды жуунтуучу каражаттарды жана медициналык аптечкаларды кыздардын энеси Айсалкын Ботаевага тапшырып, балдардын ден соолукта чоңоюшуна колдон келген колдоолорду көрсөтүп турарын айтып өттү.

Мындан тышкары, Түптөгү соода борборунун директору Мекен Өмүрзаков кыздар үчүн жасалма сүт, памперс жана витаминдүү тамак-аштардын түрүн берип жиберди», - деди Т.Оторбаева.

Ал эми А.Ботаева: «Үч эмдин жана мурда төрөлгөн балдардын дендери сак, багуу ойдогудай өтүп жатат», - деди.

Буга чейин Түп районунда 28 жаштагы Айсалкын Ботаева 3 эм төрөп, 5 баланын энеси болгондугу жана үй-бүлө жардамга муктаж экени маалымдалган.

3 эм төрөп, 5 балалуу болгон Айсалкын Ботаеванын айтымында, ал операция жолу менен көз жарган.

«Жолдошум 1985-жылы туулган Алтынбек Тезекчиев менен 2014-жылы баш кошконбуз. 2014-жылы Айназик, 2016-жылы Али, 2018-жылы Айыма, Аяна, Айдана аттуу 3 эмди төрөдүм. 3 эмди Бишкектеги 6-төрөт үйүндө 7 айлык кезинде операция жолу менен төрөдүм. Өзүңдүн каттоодо турган жериңе бар деп Каракол шаарына жиберишти. Караколдогу дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, Ой-Булактагы төркүнүмө, ата-энемдин үйүнө чыгып келгениме бир жума болду. 3 кызды төрөгөн менин эч кимге керегим жок экен деп ойлоп жүрсөм акимчиликтен, Санташ айыл өкмөтүнөн биздин абалыбызды билгени келгенине кубанганымдан толкунданып турам», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×