Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 15.01.2019 11:28

Ысык-Көлдө жол кырсыкка кабылган Россиянын жараны президентке кайрылды (видео)

Turmush -  Түп районунун Михайловка айылында жашап жаткан Россия Федерациясынын жараны Владимир Изюмов 2018-жылдын 19-декабрында Каракол—Түп унаа жолунда өзүнүн унаасында жол кырсыкка кабылган.

Ал аймактык кабарчыга билдиргендей, бүгүнкү күнгө чейин иштин материалдары менен тааныша элек.

«Жол кырсыктан кийин Түп РИИБдин тергөөчүлөрү иштеп башташты, бирок мен иштин материалдары менен ушул күнгө чейин тааныша элекмин. Мени бул жол кырсыкка күнөөлүү деп айыптап жатышат. Райондук прокуратурага, андан кийин Ысык-Көл облустук прокуратурага арыз жаздым. Бирок мага мөөнөтү келе электигин айтышты. Облустук прокурордун кабыл алуусуна кирүүгө аракет кылдым, бирок болгон жок.

Менин ишимди көзөмөлгө алууну өтүнүп, башкы прокурорго, Президенттин аппаратына кайрылат элем. Россия Федерациясынын Кыргызстандагы консулдугу менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. 2017-жылы болгон окуя кайталанат деп кооптонуп жатам. Анда соттун чечими менен мени өзүмдүн үйүмдөн чыгарып салышкан, бирок иштин материалдары менен тааныштырышкан эмес», - деди ал.

Буга чейин 19-декабрда Түп районунун Михайловка айылындагы унаа кырсыктан жабыркаган Россиянын жараны Владимир Изюмов дарылануунун акысын төлөй албагандыгы үчүн ооруканадан чыгарылгандыгы маалымдалган.

Анын айтымында, Түптүн Михайловка айылында жашайт. Кырсык 3 унаанын катышуусунда болгон.

«Бул кырсыкка 3 унаа — жүргүнчүлөрүн түшүрүү үчүн жолдо токтоп турган «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус, бурулуштан катуу ылдамдыкта чыга калган «Фольксваген» жана булардын ортосунда кыпчылып калган «Москвич 412» катышкан. Кырсык 19-декабрда саат 18:00 чамасында болгон. Менин унаам кагышууга кабылып, «Фольксвагенди» кичи автобуска барып катуу урунуудан сактап калды. Мен ал учурда Караколдон Михайловкага үйүмө бара жаткам. Кичи автобус жолдун кесилишинде 10 метрдей аралыкта турган болчу. Анын алысты жарык кылчу чырактары күйүп туруптур. Айдоочусу эрежени сактабай, жүргүнчүлөрүн түшүрүү үчүн жолго токтоптур. Мен ага каршы тилкеде бара жаткам. Кесилишке жакындаганда сол жакка бурулууну билдирген чыракты жандырдым. Ошол учурда микроавтобустун ары жагынан катуу ылдамдыкта келе жаткан «Фольксваген» токтоого жетишпей, менин унаамды уруп кетти. Андан улам менин унаам микроавтобустун капталына барып урунду. Социалдык тармактардагы сүрөттөрдө 2 унаанын гана сүрөтү жарыяланып жатат. Бирок чынында бул кырсыкка микроавтобус дагы катышкан», - деп билдирген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×