Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусуТүп району 14.01.2019 17:43 Жаңыланды: 14.01.2019 18:05

Эгиздер: Түптүк 29 жаштагы Перизат эгиз төрөрүн укканда шок болгон (фото)

Turmush -  Түп районунун Чоң-Таш айылынын 29 жаштагы тургуну Перизат Мукашова эгиз балдары — 2 жаштагы Алихан жана Виктория тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 2016-жылдын 16-августунда Каракол шаарынын төрөт үйүндө операция жолу менен көз жарган. Алихан 3 кг 370 гр, Виктория 2 кг 872 гр салмакта төрөлгөн.

«Эгиз балдар төрөлөрүн биринчи укканда шок болгом. 3 айлык боюмда бар кезде кыз жана эркек экенин айтышкан. Жолдошум аябай сүйүнгөн. Кайненемдин түшүнө аян берип, ошондон улам кызымдын атын Виктория деп койгон. Бирок өзүбүз Алима деп атайбыз, документте Виктория деп жазылган», - дейт ал.

П.Мукашова бул анын биринчи төрөтү болгондуктан эгиз балдарды чоңойтууда кыйынчылыктар болгонун айтат.

«Балдарыма 10 ай болгонго чейин бир тууган абысыным карашты. Алардын 3 баласы бар. Биринчи төрөтүм болгондуктан тажрыйбамда жок эле. Бир баланы багуу кыйын, ал эми экөөнү багуу эки эсе кыйын. Уулум төрөлгөндөн тарта 1 жаш 3 айга чейин абдан ыйлаак болду. 5 мүнөт уктап, 5 саат уктачу эмес.

Мүнөздөрү жана сырткы келбеттери дагы эки башка. Уулум ак көңүл, жароокер, шайыр бала. Ал эми кызым көп сүйлөбөгөн, өзүнүкүн бербеген, бир сырдуу кыз, жакын адамдарына чоң энесине, бизге, жакын туугандарына эле ачылат. Кызым жыгылса, уулум чуркап барып тургузуп, кийимин тазалап, ыйласа көзүнүн жашын аарчып, бетинен өөп сооротот», - дейт ал.

Ошондой эле ал эгиз балдарына байланыштуу кызыктуу окуялар көп болгонун айтат.

«6 айында кызыбыздын кулагын тештирип, сөйкө салсак, уулум меникин да ушундай кылгыла дегени эсимде. Кызыма куурчак, уулума поезд, машина оюнчуктарды сатып берсек сөзсүз түрдө экөө бири-бириникин талашат.

Балабыз үй жаныбарларга жакын. Кызым тескеринче бардык мал-жандыктардан аябай коркот. Бир жолу короодон ишке алаксып кетиптирмин. Бир маалда Алиханды таппай калдым. Издеп жүрсөм, баламдын кыткылыктаган үнү чыгат. Көрсө короодо турган унаанын астында итибиз менен кучакташып жатыптыр. Ит шыйпаңдап, тиштегилеген сайын каткырып жатыптыр. Дароо алып барып жуунтканым эсимде.

Кызым азыртадан сүрөт тартып, жазганды аябай жакшы көрөт, колунан калем жана карандаш түшпөйт. Экөө тең музыкага жакын, жакшы көргөн ырлары бар, клиптерди кызыгып көрүшөт»,- деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×