Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 14.01.2019 10:32

Түптө облустук штабдын өкүлдөрү мигранттардын балдарын багуу шарттары менен жеринде таанышты (фото)

Turmush -  Түп районунда «Балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу иш-чаралары» боюнча облустук штаб болуп, айыл өкмөттөрдөгү мигранттардын балдарын багуу шарттары менен жеринен таанышып келишти, деп билдирди Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Э.Дүйшөбаева.

Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Э.Усенова, акыйкатчынын облустагы өкүлү Ө.Тамаев баш болгон облустук штабдын мүчөлөрү Түп районуна келишип, райондук штабдын жетекчиси, аким Э.Жантаев баш болгон штабдын мүчөлөрү менен Талды-Суу жана Арал айыл өкмөттөрүндө болушту. Алар «Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу иш-чараларынын» жүрүшү жана мигранттардын балдарынын жашоосу менен таанышып, аларды багып жаткан адамдар менен баарлашып кайтышты.

Алар жогорудагы эки айыл өкмөттүн штабына катышып келгенден кийин райондук штаб өткөрүштү. Райондук штабда мындан ары балдар арасында, айрыкча мигранттардын балдары арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу боюча төмөнкүдөй маселелерге маани бермей болушту.

1. Айыл өкмөтүндө, мектепте, ички иштер бөлүмүндө, райондук билим берүү бөлүмүндө жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктын «Үй-бүлө жана балдарды коргоо» секторунда ички жана сырткы мигранттын балдарынын саны беш башка болуп келгенин тартипке салып, комплекстүү иштөө;

2. Район боюнча 18 жашка чейинки ар бир балага, айрыкча мигранттардын балдарына социалдык паспортторду түзүү. Мектеп менен айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери ай сайын балдардын паспортторунда тактоолорду өзгөртүп туруу;

3. Мигранттын балдарын багам деп милдетин алган адам айыл өкмөткө келип, ата-энесиндей багам, жоопкерчиликти мойнума алам деп келишим түзүү.

Штабда райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы К.Кылычбаев, ушул эле башкармалыктын «Үй-бүлө жана балдарды коргоо» секторунун башчысы Б.Абыкаев өздөрүндөгү аткарылып жаткан иштерге кеңири токтолушту.

«Район боюнча 52 тоголок, 805 жарым жетим, 528 мүмкүнчүлүгү чектелген бала катталган. 747 көп балалуу үй-бүлөнүн 2991 баласы бар. 833 аз камсыз үй-бүлөнүн 2414 баласы жана 20 социалдык жетим каттоодо. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында 58 өспүрүм катталган. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 16сы (эксклюзивное обучение) үйүндө, 23 бала жана 388 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар мектепке окууга тартылышса, 22 бала бала бакчада тарбияланышат.

Райондо 3 реабилитациялоо борбору жана бир «Мээрим булагы» жеке менчик балдар үйү бар. 2018-жылга карата 790 мигрант үй-бүлөнүн 1047 баласы (ички мигранттардын 247 баласы, тышкы мигранттардын 543 баласы) катталган. Облустук штаб 2 айлык жарыялангандан бери бир айдын ичинде район боюнча комплекстүү кыдыруудан кийин 28 үй-бүлөдөн 152 бала катталып, бүгүнкү күндө мигранттардын балдарынын саны 1199га жетти», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×