Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ысык-Көл облусуТүп району 14.01.2019 09:53 Жаңыланды: 14.01.2019 16:08 На русском

Айыл турмушу: Кыргыздан келин алган Николай майып арабадагы мугалим аялын күндө мектепке алып барат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну Николай Федотов майып арабада отурган аялы Ирина Ивановна Федотованы күн сайын эртең менен мектепке алып барат.

Николай Федотов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, анын жубайы Ирина Ивановна 1969-жылы Санташ айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Чуңкур (азыркы Байзак) айылында жарык дүйнөгө келген. Муканов атындагы мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайында окуп, 1990-жылы ФКГУнун педагогикалык факультетин бүтүргөн. Ал башталгыч класстын мугалими кесибине ээ болуп, ошол эле жылы өзү окуган мектепте иштей баштайт. 5 жыл Муканов мектебинде иштеп жүрүп, 1995-жылы Түпкө август кеңешмесине келгенде Николай Федотовдун көзүнө чалдыгат.

Иринадан 3 жаш кичүү болгонуна карабай аны көргөн күндөн баштап, өзү айткандай Иринаны сүйгөнүнөн эмне айла кыларын билбей калган. Таанышканына бир жума болот дегенде кыргыз айылда өскөн Иринаны ала качып алган.

Николай Түп айылында 1972-жылы туулган. Армияга барып келгенден кийин «СССРдин 50 жылдыгы» атындагы ордендүү колхоздо айдоочу болуп, союз тараганга чейин эмгектенди. Жубайлар 24 жыл бирге жашап, Роман жана Вероника аттуу балалуу болушкан.

1995-жылы туулган уулу Роман Федотов 1993-жылы Тоң районунун Төрткүл айылында туулган кыргыз кызы Гүлшат Федотовага үйлөнүп, Сумая аттуу кыздуу болушту. Сумая 3 жашка чыгып, Роман менен Гүлшат үчөө Бишкекте жашап жатышат. Ал эми 1996-жылы туулган Вероника өзүнөн бир жаш кичүү Александар Кухарчукка турмушка чыккан. А.Кухарчук Түптөгү Кайкин атындагы орто мектепте күзөтчү болуп иштеп, Николайдын үйүндө бирге жашашат.

Н.Федотовдун айтымында, жубайы каникул убагында мен майыпмын, «Чебер мугалим» сертификатына ээ болгон эмесмин деп отура бербей, мектепке барып, өзүнүн педагогикалык бай тажрыйбасын мугалимдик кесипке кийин келишкен кесиптештерине устат катары үйрөтүүдө. Алар учурда «Оюнду-окуутунунун каражаты катары пайдалуу» ыкмасынын үстүндө сабактарда колдонуу үчүн максаттарын ишке ашырууга даярданышууда.

«Ирина мектепте жана жогорку окуу жайында окуп жүргөн мезгилде баскетбол ойноп, бир бутунун учу менен согончогу жерге тийчү эмес. «Кеңгуру секирик» менен баскетболдо мыкты ойночу.

1993-жылы операциядан кийин балдак менен басып жүрүп, кийин такыр баспай калды. Союз тарагандан кийин менин жумушум жок болгондуктан майыптык араба алганга чейин ат, эшек араба менен Иринаны мектепке жеткирчүмүн. Акыркы жылдары күндө эртең менен мектепке келип, кайра кечинде кетебиз», - дейт ал.

Жубайлар бири-бирин терең сыйлаганын айтып жатышып: «Жаш кезде каның менен сүйсөң, жаш өткөн сайын жаның менен сүйүп калат экенсиң», - дешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×