Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ысык-Көл облусуТүп району 06.01.2019 12:05

Түптө хоккей боюнча өткөн турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Долон айылында хоккей боюнча мелдеш өттү, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ысык-Көл облустук жаштар иштери жана дене тарбия спорт бөлүмүнүн маалыматына ылайык, ага ар бир район-шаарлардан 6 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду "Долон-1" командасы ээледи. Ал эми 2-орунду "Долон-2", 3-орунду "Шапак", 4-орунду "Чоң-Тогузбай" командалары багындырды. Жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылды.

Бул мелдеш жыл сайын өтөт. Быйыл күн жылуу болуп, муз тонбой кеч уюшулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×