Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 01.11.2018 17:04

Кыргыз милициясына 94 жыл: Түптө кээ бир кызматкерлер пенсияга узатылды (фото)

Turmush -  Түп районунда кыргыз милициясынын 94 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, маданият үйүнө Түп райондук ИИБдин күжүрмөн туусун алып киргенден кийин гимн ойнолуп, райондук ИИБдин башчысы, милициянын полковниги Дамир Исаков иш-чараны ачып, кесиптештерин жана конокторду кыргыз милициясынын 94 жылдыгы менен куттуктады. Андан кийин Түп районунун акими Элчибек Жантаев куттуктоо сөздөрүн айтып, милициянын 80 жашка таяп калган ардагери Үсөн Курманбаевге жана РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткөрү, подполковник Канатбек Орозалиевге «Кадырлуу эмгек каарманы» наамын жана ушул тапта кызмат кылып жаткан 4 кызматкерге ардак грамота менен ыраазычылык кат, ардагер милиция кызматкерлерине, кызмат учурунда каза болгондордун үй-бүлөсүнө баалуу белектерди тапшырды.

Райондук милициянын башчысы Д.Исаков кесиптик майрамга карата айрым кызматкерлерге кезектеги наамдарды жана республикалык, облустук, райондук ички иштердин ардак грамоталарын, ыраазычылык каттарын, сыйлыктарын тапшыруу менен пенсияга узатуу жөрөлгөсүн жасады.

Ардагерлердин Түп райондук кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы подполковниги А.Алдаяров да кесиптештерин куттуктоо менен бирге ардагер милиционерлерге белектерди тапшырды. Айыл өкмөт башчылары өз аймагын тейлеген участкалык тескөөчүлөрдүн кылмыштуулуктун, тартип бузуучулуктун алдын алуудагы аракеттерин баалашып, грамота, ыраазычылык каттарды, белектерди беришти.

Райондогу мекеме-ишкана жетекчилери да куттукташып, райондун маданият үйүнүн кызматкерлери чакан концерт тартуулашты. Акырында кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерге арналып куран окутулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×