Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 31.10.2018 16:17

Түптө ардагер А.Жакыпбаевдин урматына өткөн көк бөрүдө байгеге тай коюлду (фото)

Turmush -  Түп районунун Тасма айылында Ооган согушунун ардагери, маркум Асанбек Жакыпбаевдин жаркын элесине арналган көк бөрү боюнча райондук мелдеш өткөрүлүп, 9 команда катышты. Бул тууралуу уюштуруу тобунун мүчөсү Тилекмат Атагулов билдирди.

Анын айтымында, бул мелдештеги байгенин 15 миң сомун Карасаев айыл өкмөтү, 55 миң сомун Тасма айылынын жаштар уюму каржылап, А.Жакыпбаевдин туугандары көк бөрүчүлөргө ысык тамак уюштуруп беришти.

Ооган согушунун ардагеринин басып өткөн жолуна токтолгон иш-чара өткөндөн кийин кезек көк бөрүгө берилип, таймаш 2 күнгө созулду. Жыйынтыгында биринчи орунду Ичке-Суу айылынын көк бөрүчүлөрү ээлеп, тай менен миң сомду жана спорттук сыйлыктарды утуп алышты.

10 миң сомго ээ болгон Шаты айылынын командасы экинчи орунду ээлесе, 3-4-орунду Түп айылы менен Бирлик айылынын көк бөрүчүлөрү ээлеп, 6 жана 4 миң сомдон байгеге ээ болушту.

Асанбек Жакыпбаев 1963-жылы 12-февралда Тасма айылында төрөлгөн. 1980-жылы мектепти аяктап, 1981-жылы Советтик армиянын катарына чакырылат.

«Атайын даярдыктан өткөндөн кийин Асанбек күзүндө Ооганстандын Кандагар шаарына барып түшөт. 077176 «Т» чалгындоо ротасында чалгынчы, ага чалгынчы жана бөлүмдүн командирлигине чейин жетет. Мыкты снайпер керек болсо бир армияга татып коет дегендей Ооган жериндеги согушта башынан аягына чейин снайперлик милдетти аткарып жүрүп, «Эрдик үчүн» жогорку согуштук медалына татыктуу болгон.

Кийинчирек «Ооган элинин ыраазычылыгы» сыйлыгын алган. Кандуу согушту башынан өткөргөн Асанбек тынчтык мезгилинде өзүнүн совхозунда ар түрлүү жумуштарды аткарып, мектеп окуучулары менен тыгыз байланышта болуп жүрүп көзү өтүп кетти. Артында Асанбекти сыйлап, түбөлүк унутпай турган айылдаштары калды», - деди Т.Атагулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×