Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 31.10.2018 13:41 На русском

9 айлык кызын апасына таштап, Бишкекке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан Кымбат табылды

Turmush -  Бишкек шаарына кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан Түп районундагы Долон айылынын 22 жаштагы тургуну Акылбек кызы Кымбат табылды. Бул тууралуу Кымбаттын апасы Мира Кенжекараева Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

«Кызым бүгүн телефон чалды. Ал телефонун жоготуп алган экен. Менин телефон номурумду жатка билбегендиктен чала албай жатыптыр. Бүгүн курбусунан изделип жатканын угуп, байланышка чыгып, баары жайында экенин айтты», - деди ал.

7cf9c35caa2ee538e4a61cff98454ba1_0_500_0

Буга чейин Мира Кенжекараева: «Кызым Акылбек кызы Кымбат Бишкек шаарында тигүүчү болуп иштеп жүрчү. Турмушка чыгып, бирок келишпестиктерден улам эки жолго түшүшкөн. 9 айлык кызын мен багып жатам.

Кызым 7-октябрь күнү Долон айылындагы үйүбүзгө келип, 3 күн жүрүп, 10-октябрда Бишкек шаарына кайра кеткен. Үйдөн саат 15:00 чамасында чыккан эле. Саат 17:00 чамасында Түптүн борборундагы автобекеттен чоң атасына жолугуп, "унаа чыкты, шаарга кетип жатам" деп айткан экен. Кечинде саат 22:00 чамасында телефонуна чалсам эч ким жооп берген жок. Эртеси чалсам, өчүк болуп калды. Ошондон бери дайынсыз болуп жатат. 20-октябрда чоң атасы көз жумду», - деген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×