Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 30.10.2018 08:49 На русском

Ысык-Көлдө айыл четиндеги ит мурунга асынып алган баланын денеси табылды

Turmush -  Түп районунда 13 жаштагы бала асылып турган жеринен табылды. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, райондун Сары-Дөбө айылында 2005-жылы туулган өспүрүмдүн денеси 26-октябрда саат 17:00 чамасында табылган. Ал айылдан алыс эмес жердеги коктуда өскөн ит мурунга (шиповник) асынып алган. Анын денесин мал кайтарып жүргөн айылдаштары таап алган. Туугандары соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышты. Баланын өз өмүрүнө кол салуусунун себеби белгисиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×