Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 26.10.2018 12:50

Ысык-Көлдүн тургуну 10 ширеңкенин кутучасына салынган баңгизат менен кармалды

Turmush -  Түп районунда «Транзит» операциясынын жүрүшүндө баңгизаттар алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, операциянын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл, Нарын облустарындагы кызматкерлери Чүй ОИИБдин жана Түп РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте бир сутканын ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо боюнча 2 фактыны аныкташкан.

«25-октябрда милициянын кызматкерлери Түп районунун Ичке-Суу айылынын 44 жаштагы тургуну Т.Нурланды кармашкан. Анын жанынан 10 ширеңкенин кутучасына салынган гашиш алынган. Баңгизаттын салмагы 600 грамм экендиги аныкталган.

Ошол эле күнү оперативдүү маалымат боюнча Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунда Кудургу айылынын жанынан «Мерседес-Бенц» унаасы токтотулган. Аны кароо учурунда жүргүнчүлөрдүн биринин чөнтөгүнөн спецификалык жыты бар зат алынган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган зат гашиш экени жана салмагы 60 грамм болгонун аныкташкан. Ал жаран 41 жаштагы Ош шаарынын тургуну Т.Бактыбек экендиги такталган.

Бул фактылар боюнча Түп РИИдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголгон. Эки тургун райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×