Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 26.10.2018 11:14 Жаңыланды: 27.10.2018 12:56 На русском

«Тагдыр»: Мүрзөдө түнөөгө аргасыз болгон 78 жаштагы Жанузак атадан балдары кечирим сурап, үйүнө алып кетишти (фото)

Turmush -  Көчөдө калып, мүрзөдө түнөөгө аргасыз болгонун айткан 78 жаштагы Жанузак Дүйшөбаевди балдары алып кетишти. Бул тууралуу Михайловка айылынын тургуну Төрөжан Муканбетова билдирди.

Анын айтымында, Жанузак ата карылар үйүнө барганга чейин анын үйүндө убактылуу жашап жаткан.

«Балдары келип, атасынан кечирим сурап, үйүнө алып кетишти. Алар Жанузак атаны ооруканага жаткырып, дарылатабыз дешти», - дейт Т.Муканбетова.

Буга чейин Түп районунун Маяк айылынын 78 жаштагы тургуну Жанузак Дүйшөбаев карылар үйүнө барууга аргасыз болуп жаткандыгын Төрөжан Муканбетова билдирген эле.

Анан айтымында, карыя 16-октябрда сыртта калып, үшүп жатканын айтып, анын үйүндө убактылуу жашап турууну өтүнгөн. Карыянын 6 баласы бар, кемпири 1988-жылы төрөттөн каза тапкан. Кемпири каза болгондон кийин улуу кызынын үйүндө жашап жаткан. Кийин кызы Москвага кеткендиктен улуу уулунун үйүндө жашап жаткан.

Ал эми Ж.Дүйшөбаев келини менен пикир келишпегендиктен көчөдө калгандыгын айткан.

«Келиним менен пикир келишпей, үйдөн кетүүгө дуушар болдум. Ал «уу берип өлтүрөм» деп аракет кылды, жаман сөздөрдү айтып, көңүлүмдү калтырды. Уулум тоодо иштегендиктен ал жокто мени сыйлабай, ушул абалга келдим. Ар жакта жашап, мүрзөдө түнөөгө аргасыз болдум. Эми мен балдарымдыкына баргым келбейт. Болгону карылар үйүнө алып барууга жардам бергиле. Операция болгондуктан, ден соолугум дагы начарлап кетти», - деген карыя.

Михайловка айылынын тургуну Т.Муканбетова бир учурда ата менен чогуу иштегенин жана ал жооптуу кызматтарды аркалаганын, ишине так мамиле кылган адам болгонун айтат. Ал карыянын балдары издеп келбегендиктен милицияга жана тийиштүү органдарга кайрылганын кошумчалаган.

Кийинчерээк Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Тамааев жана Түп районунун акиминин орун басары Э.Дүйшөбаева, Түп районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы жерине келип, акт түзүшкөн. Ал эми 78 жаштагы Ж.Дүйшөбаев карылар үйүнө барууга арыз жазган болчу.

Ал эми Жанузак Дүйшөбаевдин келини Н.А. кайнатасын үйүнөн чыгарган эместигин, карыя үйүнөн кетип калып жатканын жана ууландыруу үчүн дары бербегендигин билдирген эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×