Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 25.10.2018 12:41

Түптө ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдеш өтүп, байгеге жеңил унаа коюлду (фото)

Turmush -  Түп районунда айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата баш байгеге «Жигули» жеңил унаасы коюлган ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Түп райондук ат спорту боюнча федерациясынын жетекчиси Кубат Эшмукамбетов билдирди.

Иш-чарада айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик күнү менен райондук администрациянын аппарат жетекчиси Д.Сатаров, Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Курманалиев куттукташты. Андан кийин К.Эшмукамбетов майрамдык ат чабыштын тартиби менен тааныштырган соң, кезек ат чабышка берилди.

Карапайым аттардын 10 чакырымдык жарышында Балбай баатыр айылынан келген күлүктөр байгелүү орундарды бөлүшүп алышты. Биринчи орунду М.Кадыровдун «Тору» күлүгү, 2-орунду Б.Куялиевдин «Малыш», 3-орунду Б.Омокеевдин «Сүлүк» күлүктөрү ээлешип, сыналгы жана акчалай байгелерге ээ болушту.

Кунан чабышка 7 кунан катышып, 10 чакырымга чабылды. Анын жыйынтыгында Б.Нурмухамбетовдун «Багира» (Балбай айылы.), А.Үтүровдун «Баатыр» (Чүй), А.Алиевдин «Гипер» (Тогуз-Булак айылы) кунандары жеңишке жетишти. Кунан жоргодо 6 чакырымга 7 жорго катышып, З.Мукашевдин «Көпөлөк» (Тоң району), С.Садакеевдин «Талапкер»(Ысык-Ата), С.Бейшенбековдун «Барчын» (Ак-Суу району) жорголору ушул тартипте орунду ээлешип, баалуу буюмдар жана акчалай сыйлыктарга, дипломдор менен медалдарга ээ болушту.

Чоң жоргодо 10 жорго 10 чакырымга чабылып, биринчи орунду Тогуз-Булак айылынан келген Муслим Арбаевдин «Банзай» жоргосу ээлеп, баш байгедеги муздаткычты, акчалай сыйлыкты жана кубок, медаль, дипломду утуп алды.

Экинчи орунду Ат-Башыдан келген Н.Миңбаевдин «Периште», үчүнчү орунду Тоңдон келген З.Мукашевдин «Буркан» жорголору ээледи. Байге 4-орунга да ыйгарылып, З.Мукашевдин «Гарринчасы» татыктуу болду.

Ал эми баш байгеге жеңил унаа коюлган аламан жарышта күлүктөр 18 чакырымга чабылып, 9 күлүктүн ичинен Чүйдөн келген Айдар Үтүровдун «Гүлсары» күлүгү биринчи келип, жеңил унааны утуп кетти. А.Үтүровдун күлүгү «Гүлсары» жайында Каркырада өткөн малчылардын майрамында да биринчи болуп келген.

Экинчи орунду Кең-Суудан келген К.Эсеналиевдин «Соломон», үчүнчү орунду Кеминден келген М.Молдоисаевдин «Ясин», төртүнчү орунду Долинкадан келген Ж.Осмонкановдун «Эберд» күлүктөрү ээлешти жана баалуу буюмдар, акчалай сыйлыктар менен сыйланышып, медаль, дипломдорго татыктуу болушту. Байгелерди аппарат жетекчи Д.Сатаров, айыл өкмөттөн К.Курманалиев, уюштуруу тобунан К.Эшмукамбетов тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×