Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 25.10.2018 09:55

Айыл турмушу: Мугалим Үмүт Сартпаева бала кезинен кыялданган кесиптин ээси болду (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Михайловка айылынын 32 жаштагы тургуну Үмүт Сартпаева кыялданган кесиптин ээси болуп, окуучуларга билим берип келет. Мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

Үмүт Сартпаева К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин аяктаган. Учурда Каракол шаарындагы №11 гимназияда эмгектенет.

«Мугалим болуу кичинекей кезимден берки кыялым болчу. Үйдөн балдарды окутуп ойночумун. Чоңоюп калганда мектепте мугалимдердин ордуна сабак берип калчумун. Бирок чынында бул кесип көп эмгек талап кыларын иштегенде түшүндүм. Мугалимдикке чейин Михайловка айыл аймагында катчы болуп иштегем. 2012-жылы ушул эле айылдагы бала бакчада мектепке даярдоо бөлүмүндө орус тилдүү тайпага тарбиячы болдум.

Учурда окуучуларга ар кандай интерактивдүү ыкмаларды колдонуп, билим берем. Замандын талабына ылайык материалдарды интернет булактарынан издейм. Тематикалык класстык сааттарды да өткөрүп турам. Бирок талапты абдан катуу коём. Балдардын бош убактысы жок. Түшкө чейин менталдык арифметика боюнча ийрим алып барам. Түштөн кийин сабак өтөм. Ишимди туура, так аткарганым үчүн ата-энелерден, администрациядан жакшы сөздөрдү угуп турам», - деди ал.

Сабак учурунда кызыктуу окуялар көп болорун белгилеген мугалим: «Балдар сөздөрдү туура эмес жазып алат, суроону туура эмес түшүнүп, күлкүлүү жооп беришет. Жакында эле окуучуларды эрежелерди жаттабайсыңар деп урушуп, комиссия келип калса эмне кыласыңар, кандай сунуш айтасыңар деп уруштум. Алар эрежелерди жаттап келе турганын айтышат деп ойлодум. Окуучум "эжей, баарыбыз кол көтөрө берели, билгендер оң колун, билбегендер сол колун көтөрсүн» дегенде күлүп жибердим. Балдардын көңүлүн сабакка буруу үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасатам.

Өзүм бош убакта китеп окуйм, алардын басымдуу бөлүгүн психология боюнча китептер түзөт. Ошондой эле кызымды ар кандай ийримдерге катыштырам. Келечекте окуучуларыма татыктуу тарбия берүүнү максат кылам», - деди.

Ал бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×