Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 24.10.2018 19:00 На русском

«Тагдыр»: 6 баланын 78 жаштагы атасы Ж.Дүйшөбаев мүрзөдө түнөөгө аргасыз. Келини эмне дейт? (фото, видео)

Turmush -  Түп районунун Маяк айылынын 78 жаштагы тургуну Жанузак Дүйшөбаев карылар үйүнө барууга аргасыз болууда. Бул тууралуу Михайловка айылынын тургуну Төрөжан Муканбетова маалымдады.

Анын айтымында, карыя 16-октябрда сыртта калып, үшүп жатканын айтып, анын үйүндө убактылуу жашап турууну өтүнгөн. Карыянын 6 баласы бар, кемпири 1988-жылы төрөттөн каза тапкан. Кемпири каза болгондон кийин улуу кызынын үйүндө жашап жаткан. Кийин кызы Москвага иштөөгө кеткендиктен улуу уулунун үйүндө жашап жаткан.

Ал эми Ж.Дүйшөбаев келини менен пикир келишпегендиктен көчөдө калгандыгын айтат.

«Келиним менен пикир келишпей, үйдөн кетүүгө дуушар болдум. Ал «уу берип өлтүрөм» деп аракет кылды, жаман сөздөрдү айтып, көңүлүмдү калтырды. Уулум тоодо иштегендиктен ал жокто мени сыйлабай, ушул абалга келдим. Ар жакта жашап, мүрзөдө түнөөгө аргасыз болдум. Эми мен балдарымдыкына баргым келбейт. Болгону карылар үйүнө алып барууга жардам бергиле. Операция болгондуктан, ден соолугум дагы начарлап кетти», - дейт карыя.

Михайловка айылынын тургуну Т.Муканбетова бир учурда ата менен чогуу иштегенин жана ал жооптуу кызматтарды аркалаганын, ишине так мамиле кылган адам болгонун айтат. Ал карыянын балдары издеп келбегендиктен милицияга жана тийиштүү органдарга кайрылганын кошумчалады.

Учурда Жанузак Дүйшөбаев карылар үйүнө барууга жардам күтүүдө.

Кийинчерээк Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Тамааев жана Түп районунун акиминин орун басары Э.Дүйшөбаева, Түп районунун социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы жерине келип, акт түзүштү. Ал эми 78 жаштагы Ж.Дүйшөбаев карылар үйүнө барууга арыз жазды.

Убактылуу жашап жаткан жеринен акт түзүлүп, документтер даярдалганча адистерге тапшырма берилди.

Ал эми Жанузак Дүйшөбаевдин келини Н.А. кайнатасын үйүнөн чыгарган эместигин, карыя үйүнөн кетип калып жатканын жана ууландыруу үчүн дары бербегендигин билдирди.

Ал эми Түп районунун социалдык, Ысык-Көл айыл аймагынын социалдык адистери өткөн жылы дагы ушундай окуя болгонун кошумчалашты. Өткөн жылы Ж.Дүйшөбаевди карылар үйүнө алып барууга анын балдары макулдугун бербей, маселе ич-ара чечилгенин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×