Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 24.10.2018 08:32

Алманбет Асакеев Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 23-октябрда Асакеев Алманбет Иманович Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайлоого Түп айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын ичинен 19 эл өкүлү катышып, 14 депутат Алманбет Асакеевге, 5 депутат Данияр Бейшембиевге добуш берди.

Асакеев Алманбет Иманович 1967-жылы 18-мартта Талды-Суу айылында туулган, үй-бүлөлүү. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, КРдин мамлекеттик кызматынын отличниги. Кыргыз, орус тилдерин билет.

Иш тажрыйбасы:

- 1985-1987-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;

- 1989-1992-жылдары «Айыл чарба химия» мекемесинде агрохимик;

- 1992-1997-жылдары «Кутман» дыйкан чарбасынын төрагасы;

- 1997-2000-жылдары Түп райондук жерге жайгаштыруу жана жер ресурстары боюнча башкармалыгында башкы адис;

- 2000-2004-жылдары бөлүм башчы;

- 2004-2008-жылдары Түп райондук мамлекеттик каттоо органында жетекчи;

- 2008-2011-жылдары Түп райондук кеңешинин төрагасы;

- 2011-2017-жылдары Түп райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси;

- 2017-жылдын 21-февралынан 2017-жылдын 29-августуна чейин Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысы;

- 2017-жылдын 29-августунан баштап Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×