Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 22.10.2018 12:02

«Шумахер» атка конгон ысык-көлдүк окуучу чапкан күлүктөр дайыма байгеге ээ болот (фото)

Turmush -  Түп айылындагы Кайкин орто мектебинин 8-классынын окуучусу Бекзат Шараповду Кыргызстандагы ат спортунун күйөрмандары, саяпкерлер чабандестердин «Шумахери» деп билишет. Аны кайсы жерде күлүк чабылса да атайын чакыртып, күлүктөрүн чаптырышат.

Жолунанбы, айтор ал чапкан күлүк сөзсүз байгеге илинет. Бул жолу Түп районунда болгон ат чабыштын 4 түрүнөн Бекзат Шарапов 40 чакырымга күлүктөрдү чаап, өзүнүн Шумахерлигин дагы бир ирет далилдеди.

Карапайым аттарды чабууда Бекзаттын чапкан аты экинчи келсе, кунан чабышта «Багира» аттуу күлүгү биринчи келип, баш байгени утуп алды. Ал эми кунан жоргодо байгеге илинген жок. Себебин жоргосун жаңыдан топко кошуп, күчүн сынап жатканы менен түшүндүрдү.

Ал эми баш байгеге жеңил унаа коюлган аламанда быйыл 5 жолку чоң мелдештердин жеңүүчүсү болгон саяпкер Кубат Эшмукамбетовдун күлүгү Раданы чаап, алдыда келе жаткан. Акыркы айлампада атынын буту кокустап, тарамышы чоюлуп, жеңилүү ызасын тартты. Негизи Раданын бул жарышта жеңип чыгарына саяпкерлер да, чабандестер да, сынчылар да ишенип, байгени ыйгарып коюшкан эле.

«Бекзаттан кудай буюрса мыкты чабандес гана эмес, мыкты саякер да чыгарына шек жок. Ал чаба турган күлүктүн мүнөздөрүн, кыял-жоругун бат эле өздөштүрүп алат. Тубаса берилген талантпы ким билет, бул жарышта бул күлүк чыгат деп алдын ала айта алат. Мен таптаган күздө 4 жашка чыга турган Раданы Бекзат быйыл 5 жолу чаап, 5 жолу тең жеңишке жетип, машинаны да утабыз деп сүйүнүп жатты эле, чапкан күлүгү бутун катуу кокустатып алып, оюндан чыгып калганда абдан өкүндү», - деди саяпкер К.Эшмукамбетов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×