Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 19.10.2018 08:25

Түптө апасын зордуктоого аракет кылган айылдашын өлтүргөн тургун 2 айга камалды

Turmush -  Түп районунда 78 жаштагы апасын зордуктооого аракет кылган айылдашын өлтүрө сабаган тургун 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын маалыматына караганда, Түп районунун Сары-Дөбө айылынын 1988-жылы туулган тургуну Ж.К.нын өлүмүнө шектүү делип анын 1989-жылы туулган айылдашы кармалган. Түп райондук сотунун чечими менен шектүү РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 2 айга камакка алынды.

Райондук милициянын тергөө бөлүмү тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүүдө.

Буга чейин Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы Түп районунун тургуну 78 жаштагы апасын зордуктоого аракет кылган 30 жаштагы таанышын өлтүрө сабагандыгын маалымдаган болчу.

Маалыматка караганда, 8-октябрда Түп РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө айылдардын биринде жергиликтүү тургун улгайган аялды зордуктоого аракет кылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Аталган маалымат боюнча окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө-оперативдүү тобу барган. Күбөлөрдү суроо учурунда ошол эле күнү саат 19:00 чамасында 30 жаштагы тургун мас абалында таанышынын үйүнө кирип, 78 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылганын айтышкан. Коркуп кеткен аял кыйкырып, жардамга чакырган. Апасынын кыйкырганын уккан 30 жаштагы уулу чуркап кирип, мас абалдагы тургунду күч менен короого алып чыгып, катуу сабап салган. Жаңжал болуп жаткан жерге кошуналары аймактык милиционерди чакырышкан. Мындан кийин райондук милицияга жана ооруканага билдирүү беришкен.

Денесине оор жаракат алган жаш жигит райондук ооруканага жеткирилип, эс-учуна келбестен көз жумган. Анын денесине оор жаракат келтирген шектүү дагы ооруканага жеткирилип, күнөөсүн мойнуна алган.

Ал эми зордуктоого аракет кылуу фактысы Тоң РИИБ тарабынан каттоого алынып, денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 104-берененин 4-бөлүмү (жабырлануучунун денесине өлүмгө алып келүүчү оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×