Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 20.10.2018 01:16

Айыл турмушу: Маданият үйүнүн жетекчиси Майрам Атаканова ырчылардын сынагында унаа утуп алган (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Михайловка айылынын 45 жаштагы тургуну Майрам Атаканова эс тарткандан бери ырдап келет. Ал бала чагында отургуч сахнасы болгонун, сынакта унаа утуп алганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Майрам Атаканова Жети-Өгүз районунун Саруу айылында төрөлгөн.

«Отургучка чыгып алып ырдачумун. Бала бакчада да тарбиячылар отургучка чыгарып ырдачу эле. Ырдап, бийлеп, ар кандай иш-чараларга көмөктөшчүмүн. Айдар аттуу агайым комуз, аккордеон, Жаныбек агайым башка аспапты чертип берчү. Жаңы жыл, 8-март, 1-май, 9-майда концерттерге үзбөй катышчу элем. Мектепти бүткөндө ата-энем "кыз балага артист болгон уят" деп №112 кесиптик лицейден окутуп, кондитер болуп чыктым. Ата-энемдин каршы болгонуна карабай, "Жетиген" ансамблине кирип, Г.Кахарова, А.Жетигенова, Р.Таберикова менен ырдадым.

Кийинчерээк Михайловка айылына келин болуп, он жыл балдар менен үйдө отурдум. Соода кылып, кийим-кече саттым. 2009-жылы республикалык "Талант сыры" сынагына катышып, баш байгени утуп алгам. Автоунаа белекке беришти. Ошол эле жылы "Жылдын айымы" наамына ээ болуп, телеберүүлөрдөн чыгып баштадым», - деди ал.

Ырчы айым музыкалык окуу жайда 4 жыл окуп, диплом алууга жетишкен. Учурда Михайловка айылындагы маданият үйүнүн жетекчиси.

«Концерттерге кийүү үчүн ар кандай стилдеги кийимдерди өзүмө тигип алам. Ошондой эле балдарыма да кийим тигип берем. Шайыр апалардын тобун түзүп, Көчмөндөр оюндарына катыштык. Топто 10 апа бар, уулусу 84 жашта. Баары кол өнөрчүлөр, саймачы, оймочу, куракчы.

Өзүм казакча көп ырдайм, келечекте Астанадагы сахнада ырдагым келет. Балдарыма жакшы тарбия берип, алардын туура жол тандоосуна жардам берүүнү максат кылам», - деди ал.

Ал 2 уул жана 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×