Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 16.10.2018 13:10

Ата Мекендик согуштун ардагери Н.Суходубов 91 жашында акыркы сапарга узатылды (фото)

Turmush -  Түп районунда 91 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Суходубов Николай Павлович катуу оорудан кийин каза болду. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатын Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Курманалиев ачып, Н.П.Суходубовдун басып өткөн жолуна токтолду.

Түп районунун акими Э.Жантаев, ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Алдаяров, райондук аскер комиссары Э.Сатыбалдиев жана туугандары сүйлөп, маркумдун туугандарына көңүл айтышты. Н.Суходубовдун сөөгү туулуп-өскөн жери Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылындагы көрүстөнгө коюлду.

Суходубов Николай Павлович 1927-жылы Жети-Өгүз районундагы Светлая-Поляна айылында туулган. 7-классты бүткөндөн кийин 1941-жылдан 1944-жылга чейин «Победа» колхозунда иштеген. 1944-жылы согуш күчөп турган кезде армияга чакырылып, 1951-жылы, башкача айтканда 7 жылдан кийин айылына кайтып келген.

«Жуков» атындагы медаль жана башка согуштук орден-медалдардын ээси болгон. «Түп районунун ардактуу атуулу» наамынын ээси 1987-жылы пенсияга чыккан. 17 жыл мурда жубайы Анна Суходубова каза болгондон кийин 3 бала жана бир нече небереси менен калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×