Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 16.10.2018 09:40

Түптөгү түшүм майрамында туура тамактануунун жолдорун айтып беришти (фото)

Turmush -  Түп районунда айылдык ден соолук комитеттери (АДК) туура тамактануунун жолдору боюнча «Күз берекеси» аттуу түшүм майрамын белгилешти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарада өздөрү өстүргөн жер-жемиштин, жашылчалардын адамдардын ден соолугуна тийгизген таасири жана туура тамактануунун жолдоруна токтолушту. Ага райондун акими Элчибек Жантаев да катышып, калк арасында жугуштуу оорулардын алдын алууда эч бир эмгек акы албай эмгектенишкен АДК мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле 9-сентябрь — Айылдык ден соолук комитеттеринин күнү Көчмөндөр оюндарына байланыштуу кечигүү менен белгиленип жаткандыгын айтып, АДКнын активисттерине ыраазычылык кат менен баалуу белектерди тапшырды.

Түшүм майрамынын жыйынтыгы чыгарылып, АДКнын өнөктөшү болгон «Адамзат ден соолугу» КБ демөөрчүлүк кылып, биринчи орунду ээлеген Санташ АДКнын жетекчиси С.Абдиевага, 2-3- орундарды ээлеген Сары-Тологой АДК жетекчиси А.Бейшеновага, Шаты АДК жетекчиси З.Дюшеевага баалуу белектерди тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×