Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 16.10.2018 08:32

Түптүн Тасма айылында 3,5 млн сомго курулган кичи футбол аянтчасы ачылды (фото)

Turmush -  Түп районунун Тасма айылында 3 млн 489 миң сомго курулган Көкүлбай Кожоев атындагы кичи футболдук аянтча ачылды. Бул тууралуу Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыков билдирди.

Анын айтымында, аталган каражат республикалык бюджеттен каржыланып, анын 1 млн 253 миң сому Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан берилген. Ал эми Көкүлбай Кожоевдин үй-бүлөсү айылдагы А.Сопиев атындагы орто мектепке 100 миң сомдук көркөм жана адабий китептерди тапшырды. Ошондой эле Карасаев айыл аймагындагы 3 айылдын улакчыларына атайын формаларды, спорттук топторду тапшырышты.

Иш-чаранын алкагында футбол боюнча мелдеш да уюштурулду. Ага район боюнча 15 команда катышып, оюн 3 күнгө созулду. Жыйынтыгында 1-орунду ээлеген Чоң-Тогузбай айылынын футболчулары медаль жана дипломдорго ээ болуу менен баш байгедеги койду утуп кетишти. 2-орунду Миң-Булак айылынын командасы ээлеп, 3 миң сомго, 3-орунду ээлеген Михайловка командасы 2 миң сомго ээ болушту. Улак тартышта «Тасма» командасы 1-орунду (5 миң сом), «Арал» командасы 2-орунду (3 миң сом), «Чоң-Тогузбай» командасы 3-орунду (2 миң сом) ээледи.

Саамалыктын алкагында Карасаев айыл аймагындагы 3 айылдагы мектептин ардагер мугалимдерине «Түп районунун ардактуу атуулу», «Кадырлуу эмгек каарманы» наамдары ыйгарылып, баалуу белектер тапшырылды. Сыйлангандардын ичинде маркум Көкүлбай Кожоевдин жубайы, ардагер мугалим Райкан Исакова да бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×