Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 15.10.2018 15:00 На русском

Сүрөт — Түптүн тургуну кошунасынын уйун мүйүзүн сындырып жазалады

Turmush -  Ысык-Көлдүн Түп районундагы Балбай айылынын тургуну чарбагына кирген уйдун мүйүзүн (сол жагын) балта менен сындырды. Айылдын жашоочусунун айтымында, окуя 14-октябрда болгон.

«Биздин уй коңшу чарбакка кирип, ага жинденген кошунабыз мүйүзүн балта менен чаап салыптыр. Уйдун мүйүзү сынгандан кийин кан токтобой жатып араң токтоттук. Сынган жерин таңып, суу менен тазалап жууп койдук. Эми абалынын жакшырышын күтүп жатабыз», - деди уйдун ээси Улан.

Ал эми бул окуя боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган эмес. Уй ээси эки тарап тең бир айылда жашагандыктан ызы-чуу чыгарууну каалабагандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×