Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 13.10.2018 11:18 Жаңыланды: 15.10.2018 15:17

Айыл турмушу: Ата-энесинин каршылыгына карабай, сүйүктүүсү менен алыскы айылга качып кеткен Ы.Асанова ага 14 бала төрөп берген (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жашап жаткан 86 жаштагы Ырысбүбү Асанова өзүнүн чоң сүйүүсү үчүн алыскы айылдардын бирине келип, 14 балага жашоо тартуулады.

Ырысбүбү апа — Түп районунун Сары-Тологой айылынын эң улуу адамдарынын бири. Бул айылга ал жаш кезинде чоң сүйүүнүн арты менен келген.

«Апабыз Чүй облусунун Быстровка (Кемин) шаарында туулган. Ата-энеси, бир туугандары орус тилдүү болушкан, апам дагы ошондой эле. Апамдын айтымында, аны ата-энеси жергиликтүү жигитке эле турмушка чыгат деп ойлошкон. Бирок сүйүүнүн арты менен ал Ысык-Көл облусунун эң алыскы айылдарынын бирине келген», - дейт апанын улуу кызы Арсыкан Уркалый кызы.

Мектепти бүткөндөн кийин Ырысбүбү апа Уркалый ата менен таанышкан.

«Уркалый экөөбүздү тагдыр бекеринен кошкон жок. Мен аны менен таанышканда эле ал менин келечектеги балдарымдын атасы экенин дароо түшүнгөм. Менин ата-энем биздин мамилебизге каршы чыгышты, анткени менин алыс кетишимди алар каалашкан эмес. Алар ошондой эле мени айылда жашап кете албайт деп ойлошкон. Биздин үйлөнүүбүзгө алар каршы болушканда, биз качып кетүүнү чечтик. Поезд менен Балыкчы шаарына чейин келдик, ал жактан автобус менен жолдошумдун мекени болгон Түп районунун Сары-Тологой айылына келгенбиз», - деп эскерет апа.

Бекем сүйүү жана бири-бирине болгон ишенич жаш түгөйлөргө бактылуу үй-бүлө курууга түрткү болгон.

«Атам менен апам 14 баланы өстүрүп, чоңойтушту. Атам дыйканчылык менен алектенчү, апам болсо өмүр бою үй кожейкеси болду. Өмүрүмдө бир дагы жолу атам менен апамдын урушканын көргөн эмесмин. Үйдө дайыма тынчтык, бакубатчылык болуп, алар бири-бирин сыйлап турушчу. Тилекке каршы атам өтүп кетти, бирок анын тукумун улаган балдары калды. Биз дагы ата-энебиздин жолун жолдоп, даанышман жана камкор болууга аракет кылабыз», - деди Арсыкан Уркалый кызы.

Учурда Ырысбүбү апанын 60 небереси жана 28 чөбөрөсү бар. Жакында ал дагы бир небересин үйлөнтүп, батасын берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×