Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 06.10.2018 15:43

Түп айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калды

Turmush -  Түп районуна караштуу Түп айыл өкмөтүнүн башчылына 2 талапкер ат салышып, шайлоо өттү. Бул тууралуу БШКнын Түп районундагы өкүлү Алымкул Рымбеков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин башчылыкка 3 адам талапкерлигин койгон. Алардан ичинен Майрамбек Жунусалиев өз талапкерлигин алып салгандан кийин, 50 жаштагы зоотехник Бекбосун Абдылдабеков менен 40 жаштагы дыйкан чарбасынын жетекчиси Жеңишбек Сатыбалдиев экөө 5-октябрь күнү айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкер катары шайлоого катышты. Айылдык кеңештин 21 депутатынан 20 депутат экөөнүн ар бирине он-ондон беришкен. Добуштар тең чыккандан кийин эки талапкер тең өтпөй калган.

Буга чейин Түп айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген Болот Айбалиев Түп райондук социалдык фонддун башчылыгына кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×