Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 12.10.2018 23:48

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Алишер Көчмөндөр оюндарында көк бөрүгө түшчү аттарды таптаган (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын 25 жаштагы тургуну Алишер Молдокматов III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү оюнуна түшчү 12 атты даярдаган. Саяпкер менен аймактык кабарчы баарлашты.

Өзүнүн айтымында, ал 18 жашынан бери көк бөрү ойноп келет.

«Айылдык балдар чогулуп, «Мурас» аталышындагы көк бөрү командасын түзгөнбүз. Район ичиндеги айылдар арасында өткөн көк бөрү оюндарында алдыңкы орундарды багындырып келебиз. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Москва шаарынан келген көк бөрүчүлөрдүн командасынын аттарын таптап, багып бердик. Жалпы 12 атты оюнга даярдадык. Аларга убагында жем, чөбүн, суусун берип, суутуп, таптап, оюнга машыктырдык.

Көчмөндөр оюндарына чет өлкөдөн келген туристтер ат бакканга кызыгып, биз менен бирге атка жем, суу бергенди үйрөнүп жатышты. Биз таптаган аттар дагы оюнда жакшы жыйынтык көрсөтүштү», - дейт ал.

Алишердин келечекте мыкты көк бөрүчү болуп, Кыргызстандын командасында ойносом деген тилеги бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×