Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 02.10.2018 17:24 Жаңыланды: 05.10.2018 14:09

60 жыл бирге жашаган жубайлар: Жүзүмкан апаны үйүнө алып барган Дердеш ата 1 жылдан кийин никеге турган (фото)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылында Эл аралык карылар күнүнө карата өткөн иш-чарада 60 жыл бирге жашаган 82 жаштагы Дердеш Исмаилов менен 76 жаштагы Жүзүмкан Исмаиловага райондун акими Элчибек Жантаев белектерин тапшырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарада жубайларга белектер тапшырылгандан кийин Дердеш Исмаиловдун жердеши 46 жыл айдоочу болуп эмгектенген Шаршен Макешов Жүзүмкан Исмаилованы кантип алып келишкенин айтып берди.

«Ж.Исмаилова Орто-Өрүктү айылынын кызы, Дердештин карындашы ошол айылга келин болуп барган. Дердеш карындашына барып калып, Жүзүмкан менен таанышкан экен. Ал убакта Балыкчыдан совхоздун малына жем ташычу элек. Жолдон Дердеш "жүрү, Чоң-Өрүктүгө кире кетпейлиби деди. Мен анын оюнун баары карындашы эмес, Жүзүмканда экенин билип макул болдум. Барсак Жүзүмкан Дердештин карындашынын үйүндө экен. Көздөрүнөн сүйүүнүн оттору жанган экөө баарыбызды эстен чыгарып, бизди унутуп кызуу сөзгө киришти.

Ага чейин болбой эле Дердеш Жүзүмканды бүгүн алып кетпесек болбойт, кызды ала качып кетебиз деп жатышыптыр деп дердеңдеп алыптыр. Кызды карасам көңүлү бар. Бат эле даярданып келе калды. Түптү көздөй чыгалы десек унаабызды жигиттер тегеректеп алышыптыр.

Дердеш жанагы жигиттер менен кызуу маекке киргенде Жүзүмканды унаама салып алып, жөнөп кеттим. Ал убакта азыркыдай унаа көп эмес, Дердеш артыбыздан таңга жуук келди. Жүзүмкандан жашын сурасам 16га жаңы чыгыптыр. Кызды Дердештин үйүнө алып барып, ал келгенче тойдун камын көрө бердик. Дердештин энеси ушунчалык кыраакы адам экен, баарыбызга батасын берди.

Ачуу басарын басып келгенден кийин никеге бир жылдан кийин тургузушту. Эми экөө 5 балалуу болуп, 12 небере, 4 чөбөрөнү эркелетип жаткан бактылуу карылар», - деди айылдашы Шаршен Макешов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×