Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 02.10.2018 13:05

Түп айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер катталды (тизме)

Turmush -  Түп айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына 3 талапкер катталды. Бул тууралуу БШКнын Түп районундагы атайын өкүлү Алымкул Рымбеков билдирди.

Анын айтымында, шайлоо 5-октябрда өтөт.

Каттоодон өткөн талапкерлер:

1.Абдылдабеков Бекбосун Арыкбаевич, 50 жашта, «МИС-Сүт» ЖЧКда зоотехник;

2. Жунусалиев Майрамбек Жайчиевич, 49 жашта, дыйкан чарбасынын жетекчиси;

3. Сатыбалдиев Жеңишбек Болотович, 40 жашта, дыйкан чарбасынын жетекчиси.

«Үчөө тең жогорку билимдүү. Алардын татыктуусун 5-октябрда айылдык кеңештин 21 депутаты Түп айыл өкмөтүнүн башчысы кылып шайлашат», - деди А.Рымбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×