Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 02.10.2018 11:14

Түптө ардагерлер жана 50-60 жыл бирге жашаган 2 үй-бүлө сыйланды (фото)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылында 1-октябрь — Эл аралык карылар күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага райондун акими Элчибек Жантаев катышып, Талды-Суу айыл аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери менен бирге эстеликке гүлчамбарларды коюшту. Куран окулгандан кийин эмгектин эки ардагерине, Түп токой чарбасында көп жыл үзүрлүү эмгектенген Муса Күчүковго, ардагерлердин Талды-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Марат Борбуковго «Түп районунун ардактуу атуулу» наамын тапшырышты.

Ошондой эле Союз убагында сугатчы болуп эмгектеген, эки жолку Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп, Ленин, Октябрь революциясы орден, медалдардын ээси Акыбай Иманбековго «Кадырлуу эмгек каарманы» райондук жогорку наамы жана 50-60 жыл бирге жашаган 2 үй-бүлөгө баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чарада Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери — Тенти Тамашаев, Кадырбек Абдыкалыков, Сабыр Калыков баш болгон жаштары 90дон ашкан ооруктун жана эмгектин ардагерлерин да куттукташты.

Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асакеев, ардагерлер кеңешинин төрагасы М.Борбуков, айылдык кеңештин төрагасы жана айыл аймактагы 4 айылдан келишкен ардагерлер Эл аралык карылар күнү менен куттуктагандан кийин ардагерлерге ыраазычылык баракчаларды жана баалуу белектерди тапшырышты.

Талды-Суу айыл өкмөтүндө түзүлгөн ырчылар тобу жандуу үн менен комуздун коштоосунда концерт тартуулашты. Ысык тамак уюштурулуп, акырында Ата Мекендик согуштун ардагери — 99 жаштагы Тамашаев Тенти ата кийинки муундарга батасын берди. Талды-суулук 20 азамат уюштурган бул саамалыкты улантуу үчүн эстафетаны Талды-Суу аялдар кеңеши өткөрүп алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×