Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 02.10.2018 10:10

Түптүк ардагер ооруктун майыптарына үйлөрүнө барып белектерди тапшырды (фото)

Turmush -  Түп районунда Карылар күнүнө карата ооруктун майыптарына белектер тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Түп райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Адыл Алдаяров каттоодо турган ооруктун 68 ардагерине, ооруктун майыптарынан 16 адамга баалуу белектерин тапшырып кайтты. Согуш учурунда 7-8 жаш кезинде сокого чегилген аттарды минип, эгин себишкен, жашы 90 жаштан өткөн аталар менен энелерге баалуу белектерди үйлөрүнө барып тапшырып келишти.

Алардын ичинен Иманбеков Акыбай, Сылыйка Суранчиева (Талды-Суу айылынан), Шакир Касмакунов (Жылуу-Булак айылынан), Байзак айылынан Бекдайыр Сатымбаев жаш курагы эчак 90дон ашса, асты 60 жыл бирге жашаган үй-бүлөлөрдөн болушуп, небере-чөбөрөнүн төрүндө отурушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×