Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 01.10.2018 11:20

Түп токой чарбасы Карылар күнүндө 27 карыяга отун белек кылды (фото)

Turmush -  Түп токой чарбасынын жамааты кесиптик майрамын 1-октябрь — Карылар күнү менен бирге белгиледи. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Токой чарбасынын директору Айдар Кабыкеев токойчулардын кесиптик майрамына арналган иш-чараны ачкандан кийин аларды куттуктап, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Элчибек Жантаев да куттуктоо сөздөрүн айтты. Иш-чарада токой чарбасынын өсүп-өнүгүшүнө баа жеткис салымдарын кошуп келишкен жана ушул кезде да баалуу кеп-кеңеши менен кесиптештерине бай тажрыйбаларын тартуулап жатышкан токойчуларга «Түп районунун ардактуу атуулу», «Кадырлуу эмгек каарманы» райондун ардактуу наамдары, ардак грамоталар менен ыраазычылык баракчалар тапшырылды.

Ушул тапта токойчулук кесипте эмгектенип жатышкан эмгектин алдыңкыларына токой чарбасынын директору Айдар Кабыкеев өзүнүн сыйлыктарын тапшыргандан кийин ушул кезде ардактуу эс алууда жүрүшкөн токой чарбасынын ардагерлерин, аксакал карыларын Карылар күнү менен куттукташып, 27 карыянын ар бирине 2 куб метрден отун жана 500 сомдон белек тапшырышып, ысык тамак жана концерт уюштурушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×