Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 01.10.2018 11:00

Түптүн жаштары «Адамдарды сатууга каршы 100 күн» акциясын колдоого алышты (фото)

Turmush -  Түп районунда адам сатууга каршы «Адамдарды сатууга каршы 100 күн» акциясы өтүп жатат, деп билдирди Ысык-Көл облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын Түп району боюнча адиси Айбек Батырканов.

Анын айтымында, аларга «Адамзат ден соолугу» коомдук бирикмеси өнөктөш болуп, райондук мамлекеттик администрациянын жана райондун жаштарынын колдоосу менен өткөрүлдү.

«Адамзат ден соолугу» коомдук бирикмесинин ыктыярчылары менен бирге адам сатуунун бүгүнкү абалына кеңири токтолушуп, слайд көрсөтүү менен даңазалашты. Ал эми райондук администрация адам сатууну алдын алуу боюнча тиешелүү уюмдарга милдеттерди койду.

«Эртеси ушул эле темада «Лидерлик» жаштардын ыктыярчылар уюму менен Санташ айыл өкмөтүндө Байзак айылындагы Муканов атындагы мектепте окуучулар менен интеллектуалдык мүнөздө акция өткөрүүгө жетиштик. Анда окуучулардан адам сатууга көбүнчө укуктарын билбеген мигранттар туш келип жатканын билүүгө мүмкүнчүлүк болду. Акырында мигранттын чет өлкөдө жүргөндө өзүнүн укугун коргоодо керек боло турган «Мигранттык маалымдама» кызматын телефондон көчүрүп алуу жана башкаларга жайылтуу сунуш кылынды», - деди А.Батырканов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×