Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 01.10.2018 09:44 На русском

Түптө ардагер волейболчулардын облустук турнири өттү (фото)

Turmush -  Түп районунун Шаты айылында волейбол боюнча спорттун чебери, маркум Асаналиев Кубанбек Шаршеновичтин жаркын элесине арналган облустук эскерүү турнири өткөрүлдү. Аймактык кабарчы маалымдагандай, турнирге убагында Кубанбек менен бирге ойноп жүрүшкөн ардагерлердин 8 командасы облустун ар тарабынан келип катышты.

Турнирди уюштуруучулардын атынан Таалай Жанадилов ачып, гимн ойнолуп, куран окулгандан кийин Кубанбек Асаналиевдин өмүр таржымалы тууралуу айтышты. Андан кийин райондун акими Э.Жантаев, Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Курманалиев, айылдык кеңештин депутаты Т.Молдогазиев жана эң сакалдуу 66 жаштагы оюнчу Т.Чымыров бул турнирдин жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо, сергек жашоодо өзгөчө тарбиялык маанисине токтолушуп, спорттун өнүгүшүнө аз жашаса да өзүнүн салымын кошуп кеткен Кубанбектин бейнесине токтолушту.

Волейбол оюну таң эрте башталып, түнкү саат 22:00дөн кийин аяктады. Жыйынтыгында 3-орунду 2:1 эсеби менен Ысык-Көл районунан келген «Алдаяр» командасын уткан Талды-Суу командасы ээледи. Биринчи орун 2:0 эсеби менен Түп командасын уткан Шаты командасына ыйгарылды. Кубанбектин туугандары келген спортчуларга ысык тамагын уюштуруп берип, жалпы байге фондусу 20 миң сом болгон.

Кубанбек Асаналиев 1964-жылы Түп районундагы Шаты айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.1981-жылы орто мектепти аяктагандан кийин 1984-жылга чейин Советтик армиянын катарында болгондо волейбол ойноп, спорт чеберине талапкер болуп кайткан.

Армиядан келгенден кийин Караколдогу педагогикалык институтта билим алып, 1991-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин Шаты айылындагы Д.Молдогазиев атындагы мектепте эмгектене баштайт. Каратэ боюнча облустун чемпиону болгон, облуста, республикада райондун намысын коргоп жүргөн Кубанбек мектепте кол эмгек, сүрөт жана дене тарбия мугалими болуп эмгектенген.

«Ал мугалим болуп турган кезде жеке өзү жана тарбиялануучулары болуп далай жеңиштерди багынгандырганын мектептин музейинде турган кубок, медалдар, грамоталардын топтомунан көрүүгө болот. 2009-жылы кезектеги турнирден келе жатып, табышмактуу өлүмгө туш болгон. Ошол кездеги Кубанбектин өлүмүнүн ким тараптан болгонун эч ким биле бербейт. Анын артында 4 баласы, жубайы калды. Балдары чоңоюп, өзүнчө түтүн булатып, эркек балдары ата жолун улантып, волейбол боюнча мыкты оюнчулардын катарында», - деди Таалай Жанадилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×