Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 28.09.2018 17:58

Түптүн Ысык-Көл айылына 21,3 млн сомго таза суу тартылат (фото)

Turmush -  Түп районундагы Ысык-Көл айыл өкмөтүндө таза суу долбоору ишке ашып, Ысык-Көл айылындагы 347 кожолук жакынкы күндө таза суу менен камсыз болот, - дейт Адылбек Алиев Ысык-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы.

Анын айтымында, республикалык бюджеттен 21 млн 378 миң сом бөлүнүп, «Каганат» курулуш фирмасы таза суу боюнча курулуш иштерин жана жаңы скважина курууну аяктоо алдында турат.

«Мурунку суу түтүктөрү 1960-жылдары курулгандыктан жана айылдын өсүшүнө байланыштуу 10 км аралыкка жаңы суу түтүктөрү казылып, орнотулду. Бул максатты ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 21 млн 378 миң сом бөлүнүп, «Каганат» курулуш фирмасы тиешелүү иштерди аткарды» , - деди А.Алиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×