Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 27.09.2018 11:48

Түптө Тобокелдикти азайтуу күнүнө карата 112 кызматы даярдыктан өттү (фото)

Turmush -  Түп районунда 5-октябрь — Тобокелдикти азайтуу күнүнө карата 112 кызматы толук даярдыктан өттү. Бул тууралуу ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнүн башчысы Бакыт Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, райондук ички иштер бөлүмүндө, райондук оорукананын тез жардам бөлүмүндө жана өзгөчө кырдаалдын Түп райондук бөлүмүндө ӨКМден берилген техникалар орнотулуп, атайын адистер окутулуп, 112 кызматы Түп району боюнча толук аракетке киришти.

«Ар бир бөлүм 2ден компьютер, баары 6 компьютер жабдуусу менен камсыз болду», - деди ал.

Ага улай тобокелди азайтууга даярдыктын абалы жана 28-сентябрда Каракол шаарында өтө турган облустук кароо-сынакка даярдык кандай экенин билүү максатта Жарандык коргоонунун авариялык куткаруу тайпасынын күч аракеттерин (техника жана жарандардын) райондук Жарандык коргоонуунун башчысы, аким Элчибек Жантаев текшерип чыгып, кемчиликтерин айтып, өзгөчө кырдаал болгон убакта дайыма даяр болууга чакырды.

Текшерүүгө катышкан Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу К.Курманалиев: «Куткаруу каражаттарынан айыл өкмөтүнө тиешелүү 5 техникабыз бар, андан тышкары кырсык болсо 12 техниканын ээлери менен, тамак-аштын запасы боюча дүкөнчүлөр жана боз-үйлөрдүн, чатырлардын ээлери менен келишимдерди түзүп койгонбуз», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×