Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 27.09.2018 11:28

Түптө окуучу кыз өз өмүрүн кыйса, 2 бала мечиттен шайтан араба уурдашкан

Turmush -  Түп районунда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бирдиктүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Түп РИИБдин башчысы, полковник Д.Исаков билдирди.

Анын айтымында, бул багытта атайын иш-чаралардын программасы иштелип чыкты.

Түп райондук ички иштер бөлүмүндө РИИБ, райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, райондук билим берүү бөлүмү, райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмү жана райондук аскер комиссариаты «2018-2019-окуу жылынын башталышына байланыштуу жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын жана жаштардын арасында зомбулукту, өзүнүн жанын кыюуну, кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу боюнча атайын иш-чараларды иштеп чыгышып, аны аткаруу үчүн биргелешкен буйрукка кол коюштук», - деди Д.Исаков.

Түп РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү, милициянын капитаны С.Сейдакматов ушул жылдын 8 айында аткарылган иштер боюнча маалымат берди.

«Биздин 6 инспектор район боюнча 24516, анын ичинде 35 орто мектептеги 12262 өспүрүмдөр менен иштешебиз. 59 өспүрүм ар кандай тартип бузуулар менен каттоодо турат. Кылмыш боюнча 12 факт катталса, анын 8 фактысын 2 бала мечиттен шайтан араба уурдоону кайталоо менен катталса, калган 4 факты чөнтөк телефонду опузалап тартып алуу фактысы болгон. Бир окуучу кыз өз өмүрүн кыюуга барган. Эки балага мектепте тамеки, насвай тартканы үчүн административдик протокол түзүлүп, 2 миң сом айып пул салынды.

Жыл сайын жогорудагыдай беш тараптан кол коюшуп, биргеликте иш алып барабыз. Андан тышкары ЖӨИ тараптан укук темасына, өз жанын кыюу, мектеп рэкети, лидер, кыз ала качуу, топтошуп мушташуу, сууга чөгүүгө жол бербөө жана ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу максатында 1070 лекциялар окулуп, окуучулар менен жолугушуулар, тегерек столдор өткөрүлүп, рейддер, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатты», - деди С.Сейдакматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×